Бүгүн Ош шаарында “Бош орундар жана кесиптер жарманкеси” өтүүдө. Иш чара С. Ибраимов атындагы улуттук драм театрда саат 13:00гө чейин уланат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Бугүнку иш чарага 3000 ден ашуун жумуш орундарын сунуштай турган өнөр-жай, курулуш,транспорт,соода,билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б тармактардан 50 ири компания катышып жатат.

Иш чаранын максаты жарандарга жумуш орундарын түзүп берүү менен бирге эмгек рыногунда атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.
Саамалыктын алкагында белгилүү ийгиликтүү ишкерлер, тажрыйбалуу адистер тарабынан ар кандай темада мастер-класстар өткөрүлөт.

Бош орундар жана кесиптер жарманкеси Эмгек социалдык камсыздоо, миграция, билим берүү жана илим министрлиги Ош шаарынын мэриясы, Германия Эл аралык Кызматташтык Коому тарабынан уюштурулуп жатат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *