Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында социалдык мааниге ээ болгон айыл чарба продукцияларынын кезектеги азык-түлүк жарманкеси уюштурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги маалымдады.
Аталган жарманке райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан Чоң-Алай, Кашка-Суу жана Жекенди айыл өкмөттөрү менен биргеликте өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга эт азыктары, жашылча-жемиштер, ун, май, шекер жана башка негизги азык-түлүк түрлөрү жеткиликтүү жана туруктуу баада сунушталды.
Жарманкеге жергиликтүү дыйкан-фермерлер жана өндүрүүчүлөр активдүү катышып, өз продукцияларын ортомчусуз түз сатууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн түз байланыш түзүүсүнө өбөлгө болуп, калк үчүн азык-түлүк бааларынын төмөн болушуна шарт түздү.

Иш-чаранын негизги максаты — калкты сапаттуу жана коопсуз азык-түлүк менен камсыз кылуу, социалдык мааниге ээ азык-түлүктөрдүн бааларынын турукташуусуна көмөк көрсөтүү жана ички рынокту колдоо болуп саналат.
Белгилей кетсек, учурда республика боюнча азык-түлүк коопсуздугу толук камсыздалган. Социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларынын запастары жетиштүү көлөмдө болуп, өлкө аймагында азык-түлүк тартыштыгы жок. Бул багытта министрлик жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан рынокко туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, калкты үзгүлтүксүз камсыз кылуу иштери улантылууда.
Мындай азык-түлүк жарманкелери мындан ары да өлкөнүн бардык аймактарында үзгүлтүксүз өткөрүлүп, калкты колдоо иштери улантылмакчы.
