Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары АКШнын элчиси менен жолукту

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары АКШнын элчиси менен жолукту. Анда кыргыз тарап АКШ визасын алууга киргизилген жаңы талаптар боюнча тынчсыздануусун билдирди.

Бул чара ишкерлер ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө жана өлкөлөрдүн соода-экономикалык кызматташтыгын тереңдетүүгө тоскоолдук жаратары айтылды.

Элчи кошумча талаптар кандайдыр бир конкреттүү өлкөгө карата эмес, АКШнын миграциялык саясатынын алкагында жана визалык мыйзамдарды сактоо зарылдыгын эске алуу менен киргизилгенин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *