Бул — АКШ президентинин акыркы 9 жылда Кытайга жасаган алгачкы сапары.
Кытай лидери эки өлкө атаандаш эмес, өнөктөш болушу керектигин белгилеп, кызматташуудан эки тарап тең утушта болорун, ал эми каршылашуудан зыян тартарын айтты.
Трамп АКШ менен Кытайды алдыда “укмуштуудай келечек” күтүп турганына үмүт артарын билдирип, Вашингтон Пекин менен тең ата бизнес жүргүзөрүн убадалады.
АКШ президенти сапарга ири компаниялардын жетекчилеринен турган делегацияны да ала келген. Арасында Илон Маск жана Тим Кук бар.


