Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 16 жана 20-майда Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында өткөрүлөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору билдирди.
Каттоо тест өтө турган борборлордо, башкача айтканда мектептерде, саат 13:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт. Ар бир район же шаар боюнча так даректи мектеп өкүлдөрүнөн же райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн тактоо керек.
Тестирлөө эки этапта өтөт:
I этап: 17, 18, 19-май
II этап: 21, 22, 23-май
ОРТга кирүү үчүн 16 жаштан жогору абитуриенттер төмөнкү документтерди ала келиши керек:
▫️ паспорттун түп нускасы;
▫️ тестке кирүү талону;
▫️ көк сыялуу калем.
«Түндүк» мобилдик тиркемесиндеги электрондук документтер кабыл алынбайт. Себеби тест учурунда телефон жана башка электрондук байланыш каражаттарын алып кирүүгө тыюу салынат.
Ошондой эле тыныгуу маалында да телефон, смарт-саат же электрондук капчык аркылуу төлөм жүргүзүүгө уруксат берилбейт.
Жеке керектөөлөр үчүн суу, шоколад сыяктуу нерселерге накталай акча же банк картасын ала баруу сунушталат.
Эске салсак, 2012-жылдан бери ОРТ Кыргызстандагы бардык жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн милдеттүү болуп саналат.


