БШК бир катар жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргызстандын БШКсы 12-майдагы жыйынында аймактык шайлоо комиссияларынын бир катар жергиликтүү кеңеш депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү боюнча чечимдерин бекитти.

Мандаттар Аламүдүн, Ысык-Ата, Жумгал, Кемин, Бакай-Ата райондорунда, ошондой эле Манас жана Ош шаардык кеңештеринде жаңы депутаттарга берилди. Ош шаардык кеңешиндеги бош мандатты «Мурас» партиясынан эң көп добуш алган Толкун Эрмекбаев алды. Буга чейин БШК Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиевдин ыйгарым укуктарын да жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *