Ош шаарында үй-бүлөлүк медицина борборунун № 2,3 филиалдарында социалдык дарыканалардын ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.


Ачылыш аземге саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышып, калкты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу, баа саясатын туруктуу кармоо үчүн өлкө боюнча кошумча мамлекеттик дарыканаларды ачуу маанилүү экенин белгиледи.


Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаары аймагында 4 социалдык дарыкана ачылып, башка жеке дарыканалардан айырмаланып, 1,2-топтогу ден соолгунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар 25%, 3-топтогулар 15%, калган жарандар 10% арзандатылган дары-дармектер менен камсыз болушкан.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *