Абитуриенттер ЖРТны кайсы тилде тапшыргандыгына карабастан мамлекеттик тил боюнча тест тапшыруусу милдеттендирилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.


Бул мамлекеттик тил боюнча тест абитуриенттин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт жана жогорку окуу жайларына тапшырууда сынактын жыйынтыгына таасирин тийгизбейт.


Негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыктары мыйзам чегинде мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыгы менен бирге чыгарылат. Эгерде абитуриент мамлекеттик тил боюнча тест тапшырбаса, анда жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыгы берилбейт.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы №140 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамына ылайык башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында кирүү жана бүтүрүү экзамендери киргизилет.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *