Кыргызстанда 5,5 миңден ашык бош жумуш орду бар

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда азыр 5 547 бош вакансия бар. Расмий жумушсуздук 1,3%ды түзөт, иш менен камсыз кылуу кызматтарында 56,5 миң адам каттоодо турат, алардын 38,1 миңи жумушсуз макамын алган.

Бош орундардын негизги бөлүгү жумушчу кесиптерге туура келет (4 251 орун). Эң көп талап кылынгандар:
тигүүчүлөр — 1 850 орун;
айдоочулар — 1 000;
ашпозчулар — 420;
соода агенттери — 400;
курулуш тармагынын кызматкерлери — 373.
Мындан тышкары тейлөө жана IT багытында да адистер жетишсиз, билим берүүдө 350 тарбиячы жана мугалим, медицинада 320 кызматкер керек.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, орточо айлык финансы (67 121 сом) жана өнөр жайда (66 990 сом) жогору. Ал эми саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият тармактарында айлык акы төмөн бойдон калууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *