Соцфонд «Түндүк» тиркемесинде пенсиялык топтомдун суммасы азайып көрүнүшү боюнча түшүндүрмө берди

Маалыматка караганда, кээде сумма азайып көрүнүшү ишканалар берген тактоочу эсептерге байланыштуу болот.

Алгач бухгалтерия бир сумма менен отчет тапшырып, кийин ката кеткендиктен оңдолгон отчет берсе, система жарандардын жеке эсебиндеги маалыматты автоматтык түрдө жаңыртат.

Соцфонд белгилегендей, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн маалыматтары алгач Салык кызматына келип, андан кийин гана жарандардын жеке эсептерине чегерилет.

Ошондой эле Соцфонд документтик негиз болмоюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасын өз алдынча өзгөртө албайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *