Кыргызстанда таттуу суусундуктарга жана тузу көп азыктарга акцизди көбөйтүү маселеси талкууланууда. Бул демилге Саламаттык сактоо министрлиги уюштурган жыйында мамлекеттик органдар, бизнес жана эл аралык уюмдардын (ДССУ, ЮНИСЕФ) өкүлдөрү менен каралды.
Таттуу суусундуктар боюнча акцизди канттын көлөмүнө жараша коюу сунушталууда (азыр — 1 литрге 3 сом):
-100 млде 5 г чейин — 5 сом/литр
-5–8 г — 7 сом/литр
-8–11 г — 9 сом/литр
— 11 гдан көп — 11 сом/литр
Ошондой эле энергетиктерге — 20 сом/литр өлчөмүндө туруктуу акциз киргизүү каралууда.
Тузу көп азыктарга (чипсы, сухарик ж.б.) сунушталган ченемдер:
-100 гда 1,2 г чейин — 0 сом
-1,2–1,5 г — 5 сом/100 г
-1,5–2,0 г — 10 сом/100 г
-2,0–2,5 г — 15 сом/100 g
— 2,5 гдан көп — 20 сом/100 г

