Ош шаарындагы «Аль Мансур» жана «Абу Бакр» кафелеринин имараттарын бузуу иштери башталды

Буга чейин ашкана ээлерине аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 3 күн мөөнөт коюлган. Белгиленген убакыттын негизинде бүгүнкү күндө объект ээлери өз ыктыяры менен бузуу иштерин колго алышты.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев эл менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар аталган жайлардын мыйзамдуулугун текшерип берүү өтүнүчүн билдиришкен. Шаар башчысы маселени жеринде тактоо максатында таңкы рейд учурунда аталган жайларга барып, жеринен көрүп чыккан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган объектилердин курулуш иштеринде тиешелүү уруксат кагаздары жок экендиги, шаар куруу талаптары сакталбагандыгы жана мыйзам бузуу фактылары катталгандыгы аныкталган. Ушуга байланыштуу мыйзамсыз курулуштарды белгиленген тартипте демонтаждоо боюнча эскертүү берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *