Нидерландиянын HZPC компаниясы «Агролид» компаниялар тобу менен үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча кызматташат

Бишкек шаарында «Кыргызстандын үрөнчүлүгүнүн келечеги: сапат, инновация, өнөктөштүк» аттуу форум өттү. Иш-чара өлкөнүн үрөнчүлүк тармагын стратегиялык өнүктүрүүгө арналган.

Форумдун жыйынтыгында Кыргызстандын үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды камтыган резолюция кабыл алынды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Нидерландиянын HZPC компаниясы жана «Агролид» компаниялар тобунун ортосунда үрөнчүлүктү өнүктүрүү жаатындагы кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду.

Форумдун негизги максаты — үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө стратегиялык макам берүү, аны Кыргызстандын айыл чарбасында түшүмдүүлүктү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуунун негизги фактору катары кароо болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *