БШК мүчөлөрүн кыскартуудан бюджеттен 2 млн сом сарамжалданат

Бул тууралуу ЖКнын комитет жыйынында белгилүү болду.

БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2025-жылы бир мүчөгө 585 миң сом кеткенин айтты. Натыйжада БШК мүчөлөрү 12ден 7ге чейин кыскарса бюджеттен 2 млн сомдон ашык каражат сарамжалданары айтылды.

Жыйынтыгында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мыйзам долбоорун колдоп беришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *