«Камбар-Ата-1» ГЭСи жылына 6 миң гигаваттка жакын электр энергиясын өндүрөт

«Камбар-Ата-1» ГЭСи жылына болжол менен 6 миң гигаватт электр энергиясын өндүрөт. Бул тууралуу Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун баяндамасында айтылат.

Эксперттердин белгилешинче, Нарын дарыясындагы бул гидроэлектр станциясын куруу долбоору — Кыргызстандагы эң ири гидроэнергетикалык долбоорлордун бири.

Адистердин божомолу боюнча, ГЭС өндүрө турган электр энергиясы өлкөнүн азыркы энергия менен камсыздоосунун болжол менен 40 пайызына барабар болот.

Долбоордун алкагында Нарын дарыясындагы азыркы гидроэнергетикалык каскаддын жогору жагына бийиктиги 261 метр болгон бетон плотина куруу пландалууда. Анын төмөн жагында «Камбар-Ата-2» ГЭСи, Токтогул суу сактагычы жана башка гидрообъекттер жайгашкан.

Долбоордун баасы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын болжол менен 30 пайызына барабар экени белгиленди.

Божомолдорго ылайык, 2050-жылга чейин аймакта электр энергиясына болгон суроо-талап кеминде эки эсеге өсөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *