Кыргызстандагы тоннелдерден өтүүдөгү төлөмдүн суммасы бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги жол тоннелдери аркылуу өтүү үчүн төлөм киргизди. Тийиштүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган.

Төлөмдөр тоннелдерди кармоо, тейлөө жана коопсуз пайдалануу үчүн жумшалат. Ал Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу боюнча жайгашкан тоннелдерге тиешелүү.

Негизги түштүк трассасындагы тарифтер:

жеңил автоунаа — 50 сом
микроавтобус жана жеңил жүк унаа — 100 сом
автобус жана орто жүк унаа — 150 сом
оор жүк унаа — 250 сом
атайын техника — 500 сом

Көк-Арт тоннели (Түндүк — Түштүк жолунда):

жеңил автоунаа — 100 сом
микроавтобус жана жеңил жүк унаа — 250 сом
автобус жана жүк унаа — 500 сом
оор жүк унаа — 700 сом
ири техника — 1000 сом

Чет элдик номерлүү автоунаалар үчүн тариф жогору:

жеңил авто — 200 сом
микроавтобус — 1000 сом
3,5–12 т жүк унаа — 1500 сом
12 т жогору жүк унаа — 3000 сом
атайын техника — 5000 сом

Өкмөт бул төлөмдөр жол тоннелдерин коопсуз жана туруктуу иштетүү үчүн киргизилгенин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *