Эми кыргызстандыктар Сербияга визасыз кирсе болот

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Жогорку Кенештин жыйынында дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим боюнча башка өлкөлөр менен келишимдерге кол коюу тышкы саясий иштин бир бөлүгү экенин билдирди.

Ал Сербия менен бул багытта ийгиликтер жаралганын жана Кыргызстандын жарандары эми бул өлкөгө визасыз бара алышарын баса белгиледи. Ошондой эле Имангазиев кыргызстандыктарга ушундай эле мүмкүнчүлүктөрдү берүү боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *