2-мартта Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «2025-жылдын 29-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу» (узундугу 3,2 км жол участогу менен 2 эстакада көпүрөсүн куруу) долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Алсак, аталган мыйзам долбоору Ош шаарынын жол инфраструктурасын жакшыртуу долбоорун ишке ашырууну, анын ичинде узундугу 3,2 км болгон жол тилкеси менен 2 эстакадалык көпүрөнү курууну карайт. Долбоор Ж. Бабараимов жана Шамшат көчөлөрүн камтыйт жана эстакадалык көпүрөлөрдү, Ак-Буура дарыясы аркылуу көпүрөнү курууну, ошондой эле көчөлөрдү бөлүүчү тилкеси бар 4-6 тилкеге чейин кеңейтүүнү камтыйт.

