Бишкекке 124 жаңы автобус келди. Бүгүн жаңы автобустарды “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасына расмий тапшыруу аземи өттү.
Узундугу 10,5 метр болгон кысылган жаратылыш газы менен иштеген 124 автобус Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан каржыланган «Жашыл шаарлар 2, терезе 2» программасынын «Бишкек автобустары» долбоорунун алкагында өлкөгө алынып келди. Долбоор Япония өкмөтүнүн грантынын эсебинен да колдоого алынган.
Аземге Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын директору Айтен Рустамова, финансы министринин орун басары Руслан Татиков жана Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года катышты.
«Бишкек автобустары» долбоору – бул жаңы транспорт каражаттарын сатып алуу гана эмес, жалпы эле транспорт системасын модернизациялоого карай жасалган кадам. Оңдоо-өндүрүштүк имаратты жана галереясы бар административдик имаратты реконструкциялоо каралган. Долбоордун алкагында ишкананын ресурстарын пландоо системасы (ERP) GPS-навигациясы менен ишке киргизилет, бул муниципалдык автобустук ишкананын натыйжалуулугун олуттуу жогорулатат.

