Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Anglia Examinations” эл аралык тестирлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
“Anglia examinations” расмий өкүлү Мартин Клотз долбоору тестирлөөдөн тышкары Англиянын университеттеринде онлайн окуу аркылуу кош дипломго ээ болуу мүмкүндүгүн, “Anglia Examinations” борборунун 5 деӊгээлден турган тил үйрөтүү китептерин, Улуу Британияда 2-6 жумага чейин окуу үчүн балдар жана студенттер үчүн жайкы программаларды, мугалимдердин квалификациясын Улуу Британияда жогорулатууну сунуштамакчы.
Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров англис тилин билүү – заман талабы экенин баса белгилеп, бул долбоор тил үйрөнүүгө чоӊ салым кошоорун, тил билген жаштардын келечеги кеӊ болуп, өлкөгө пайда алып келээрин кошумчалады. Учурда министрлик тарабынан көп тилдүүлүктү өнүктүрүү багытында иштер жүрүп, окуучу, студенттер гана эмес мугалимдерге да тилдерди үйрөтүүгө басым жасалууда.

