Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл районундагы «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын курулушуна капсула салуу аземине катышты.
Түзүлүп жаткан аймак эл аралык финансы борбору, глобалдык капиталды, финтех жана IT-инновацияларды тартуу борбору, ошондой эле эл аралык соода жана жүк агымдарын бириктирген заманбап логистикалык хаб болууга тийиш.
«Тамчы» АФИА долбоорунун негизги параметрлери:
• 2035-жылга чейин жалпы аянты 470 миң чарчы метрден ашык заманбап кеңсе борборлорун, турак жай комплекстерин жана туристтик объектилерди этап-этабы менен куруу пландаштырылууда. Аймак ишкердик, логистикалык (аэропортко жакын) жана рекреациялык зоналарга бөлүнөт.
• Бизнестин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу үчүн англис укугунун принциптеринде иштеген талаш-тартыштарды чечүү боюнча көз карандысыз эл аралык борбор түзүлөт.
• Аймактын резиденттери 49 жылга чейин салыктардан бошотулат. Капиталдын эркин жүгүртүлүшү, ийкемдүү валюта режими жана 100 пайыздык чет элдик катышуусу менен иш жүргүзүү укугу каралган.
• 100 гектардан ашык аянтта 2035-жылга чейин жыл сайын 90 миңге чейин турист агымы күтүлгөн масштабдуу инфраструктура түзүлөт.



