Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кызматтан алынды.Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Дагы бир жарлыкка ылайык, Абдупата Маткаликов Манас шаарынын мэри болуп дайындалды.
Жаңы шаар башчысы тууралуу ачык булактарда маалымат аз.
Ал Жалал-Абадда туулган, 62 жашта, кесиби боюнча инженер-механик.
2020-жылы “Мекенчил” партиясынан, 2021-жылы “Ишеним” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.

