Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылында жаңы Ысак Жорокулов атындагы мектептин ачылышы болду.


Билим уясынын ачылуу аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Улан Примов, Сүйүн Өмүрзаков, Нуржигит Кадырбеков, Эмил Токтошев, Азамат Исраилов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.

Буга чейин айыл эли 1975-жылы ашар жолу менен курулган эски мектептин имаратында билим алып келишкен.

150 орунга ылайыкташкан 2 кабаттуу заманбап мектеп республикалык бюджеттен каржыланды. Сметалык баасы 96 млн. сомду түзгөн. Саамалыктын алкагында Жогорку Кеңештин атынан билим берүү мекемесине 5 компьютер белекке берилди.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *