Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.


Комиссиянын жыйынтыгы менен Министрлер Кабинетинин чечими туурабы же базарда олтурган соодагерлердин талабы туурабы белгилүү болот. Белгилүү болгондой, буга чейин Мамлекет башчысы Садыр Жапаров “Бир жылда соодасы 8 миллион сомдон ашпагандар бир тыйын төлөбөйт” деген. Бул деген соодасын жаңы баштагандар, акча айлантуусу аздар “бутуна туруп кетсин” деген саясат болчу. Азыр эми “Менин соодам 8 миллиондон ашпайт деген” соодагерлердин соодасы 50дон 100 миллионго чейин ашып кеткен фактылар аныкталып калды. Ошол үчүн ККМ колдонгула деген талап болуп жатат. Кыскасы, жыйынтыгын комиссиянын чечиминен кийин жарыялайбыз” – деп жазды Алагөзов.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *