Кыргызстан Орусия менен биргеликте 1224 орунга чейин ылайыкташтырылган 9 мектеп курат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Кыргыз-орус жалпы билим берүү уюмдарын куруу жөнүндө макулдашууга өлкө башчысы С. Жапаров жана Орусиянын Президенти В.В. Путин кол койгон.
Ага ылайык Кыргыз Республикасынын бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында эки өлкөнүн билим берүү стандарттарына ылайык, 1224 орунга чейин ылайыкташтырылган тогуз жалпы билим берүү уюмдарын куруу каралган. Тийиштүү облустарда мамлекет тарабынан талаптарга ылайык жер тилкелери аныкталып, бөлүнүп берилди.
Анын негизинде, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасына ылайык атайын топ түзүлүп, иш сапарга жөнөтүлдү. Жумушчу топтун курамына Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Джантелиев С.Э., Айыл чарба министрлигинин Жер ресурстары кызматынын жана Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери, ошондой эле Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү киргизилди.


Мамкурулуштун директорунун биринчи орун басары С. Э. Джантелиев жумушчу топ менен биргеликте Баткен, Ош облустарындагы жана Ош шаарындагы мектептерге бөлүнгөн жер тилкелери менен таанышып чыкты.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *