1-декабрда Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча 2 өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун ишине оң баа беришти жана чек аранын калган тилкелеринде долбоордук линиясынын өтүүсүнүн сыпаттамасын аяктоо боюнча ишти активдештирүү зарылдыгын белгилешти.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтор буга чейин 11-17-ноябрь күндөрү Баткен шаарында жолуккандыгы белгилүү.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *