Бүгүн Ош шаарында 1-декабрь Эл аралык майыптыгы бар жарандардын күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында Бабур театрында майыптыгы бар балдар үчүн иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.


Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов катышып, майыптыгы бар адамдардын укугун жашоонун бардык тармактарында коргоого, аларга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө багытталган бир айлыкты өткөрүү маанилүү экенин белгилешти.


Иш-чаранын алкагында шаардык маданият башкармалыгы жана музыкалык бий топтору тарабынан балдар үчүн концерттик программа тартууланып, шаардык адистештирилген окуу жайларынан жана борборлорунан катышкан 350 баланын ар бирине белектер берилди.


