Зомбулукка туш болгондор чала турган ыкчам байланыш линиясы ишке кирди

Эми үй-бүлөлүк зомбулукка жана адам сатуунун курмандыктарына кабылган кыз-келиндер 5200 кыска номерине чалса болорун Эмгек министрлиги билдирди.

Линияда зомбулукка байланышкан маселелер, кризистик кырдаалдар жана психологиялык колдоо боюнча атайын даярдыктан өткөн кесипкөй психологдор жана консультанттар иштешет.

Ыкчам байланыш апта боюу суткасына 24 саат Кыргызстандагы бардык мобилдик операторлор үчүн жеткиликтүү.Көрсөтүлгөн номерге чалган ар бир жаранга психологиялык колдоо, укуктук маалымат жана медициналык, юридикалык жардамга кайрылуу боюнча акысыз кеңеш берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *