Президент Садыр Жапаров автомектептерди мамлекеттик башкарууга өткөрүү чечими коррупциялык схемаларды токтотуу жана айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу үчүн кабыл алынганын айтты.
Анын айтымында, жеке автомектептердин көбү айдоочуларды сапаттуу окутпай, акча табууга гана кызыкдар болгон. Айдоочулук күбөлүктөр экзаменсиз, пара аркылуу алынган учурлар көп катталган.
Натыйжада жол кырсыктары көбөйүп, Кыргызстанда жылына 900дөн ашык адам жол кырсыгынан каза болууда.
Мамлекеттик автомектептерде:
- заманбап окуу базасы
- квалификациялуу адистер
- толук теориялык жана практикалык даярдык
- жол маданиятына өзгөчө көңүл бурулат
Жеке автомектептерде иштеген адистер жумушсуз калбайт, алар мамлекеттик автомектептерге кабыл алынат.
Ошондой эле сентябрдан тарта мектептерде жол эрежелери сабагы киргизилет. Мектепти бүткөндөр экзаменден өтсө, кошумча окуусуз эле күбөлүк ала алышат.
Президент элди жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырып, “адам өмүрү бизнес кызыкчылыгынан жогору” экенин белгиледи.
