Былтыр Кыргызстанда сегиз чакан ГЭС ишке берилди

Былтыр Кыргызстанда жалпы кубаттуулугу 44 МВттан ашык сегиз чакан гидроэлектростанция ишке берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Орто-Токой, Папан жана Ылдыйкы Тар чакан ГЭСтерин куруу иштерин активдүү уланууда.

Бул объекттер өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоодо жана электр энергиясынын жетишсиздигин азайтууда олуттуу салым кошот деп күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *