Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков айдоочулукка окутуунун баасы 100-200 миң сом болот деген кептерди четке какты.
Анын айтымында, окутуунун баасы 19 миң сом болуп расмий бекитилди.
«Азыр эле окутуунун баасы боюнча 19 миң сом болуп расмий чечим кабыл алынды, ал эми практика учурундагы күйүүчү май сыяктуу чыгымдарды окуучулар өздөрү көтөрөт. Бул мурдагы жеке автомектептердеги бааларга салыштырмалуу бир топ арзан. Жеке автомектептерде окуунун жана практикалардын баасы биригип 35-36 миң сомдун тегереги болчу экен»,— деди ал.
