Президент Садыр Жапаров 2026-жылга жана 2027–2028-жылдарга пландалган мезгилге карата Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) бюджети жөнүндө мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 25-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
2026-жылга карата негизги көрсөткүчтөр:
- республикалык бюджеттен каржылоо — 2 млрд сомдон ашык
- Социалдык фонддон ММК боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү — 6 млрд 503,4 млн сом
- жалпы киреше жана чыгаша — 10 млрд 737,6 млн сом
Фонддун бюджети республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар жана Соцфонддон түшкөн милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлөт.
