Трамптын рейтинги кайрадан Ак үйгө келгенден бери эң төмөн чекке түштү

АКШ президенти Дональд Трамптын саясатын колдогон америкалыктардын үлүшү 38%га чейин төмөндөдү. Мындай жыйынтыкты Reuters жана Ipsos жүргүзгөн акыркы сурамжылоо көрсөттү.

Бул — анын 2025-жылдын январында Ак үйгө кайтып келгенден берки эң начар көрсөткүчү.

Январдын ортосунда Трампты колдогондордун деңгээли 41% болчу. Кыска убакытта рейтингдин төмөндөшү коомчулукта президенттин айрым чечимдерине нааразычылык күчөгөнүн айгинелейт.

Сурамжылоого ылайык, негизги нааразычылык иммиграциялык саясатка байланыштуу. Америкалыктардын болгону 39%ы Трамптын бул багыттагы саясатын колдосо, 53%ы ага каршы экенин билдирген. Айдын башында бул көрсөткүчтөр 41% жана 50% болгон.

Суралгандардын 58%ы АКШнын Иммиграция жана бажы кызматы (ICE) чараларды «ашкере катуулатканын» айтса, 12%ы тескерисинче, жетишсиз деп эсептейт. Ал эми 26%ы жүргүзүлүп жаткан саясатты «кадимки, тең салмактуу» деп баалашкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *