Депутаттарга жаңы кызматтык унаалар берилди

28-январда Жогорку Кеңештин депутаттарына жаңы кызматтык унаалар берилгени белгилүү болду. Жаңы унаалар парламент имаратынын унаа токтотуучу жайына токтотулган.

2025-жылдын апрель айында парламенттин депутаттары кытайлык Li Xiang L7 (70 унаа) жана L9 (20 унаа) компанияларынан орто көлөмдөгү люкс кроссоверлерди сатып алары жана алар комитет төрагалары менен фракция лидерлерине бөлүштүрүлөрү кабарланган.

Ошол учурда Президенттин мүлкүн башкаруучусу Каныбек Туманбаев парламенттин мүчөлөрү үчүн Ли Сян L7 жана L9 автоунаалары сатылып алынып жатканын ырастаган, бирок канча каражат сарпталганын ачыктаган эмес.

LiХiang L7нин Кыргызстандагы базар баасы жалпысынан 2,7 миллион сомдон 4,2 миллион сомго чейин, аталган унаанын баалары комплектация деңгээлине, чыгарылган жылына жана импорттоочуга жараша өзгөрүп турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *