Кыргызстанда жашы жете электерге паспорт берүү тартибин өзгөртүү пландалууда

Учурда балага өздүк документ алуу үчүн атасынын дагы, апасынын дагы уруксаты талап кылынат.

Мындай шартта ата-эненин бири өлкөдө жок болсо, же башка бир себептерден улам байланышка чыкпаса — кыйынчылыктар жаралып келген. Бул билим берүүгө, медицинага мүмкүнчүлүктү чектеп, ар кандай кызматтарга жана иш-чараларга барууга тоскоолдук жаратууда.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору бир эле ата-эненин же мыйзамдуу өкүлдүн уруксатын алууну жетиштүү кылат. Жаңы төрөлгөн балдардын паспорту 2 жылга, андан кийин 5 жылга берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *