Талас районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо максатында 100 үй-бүлөгө бекер кумшекер таркатылды. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта, Талас райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын тийиштүү кызматкерлери муктаж делген 100 үй-бүлөгө “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен 1 тонна өлчөмүндө кумшекер тапшырылган.
Белгилей кетсек, аталган фонд тарабынан буга чейин да турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо максатында бир катар алгылыктуу иштер жүргүзүлүп келген.