Кыргыз басмаканалары Москвада өткөн эл аралык сынакта жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.

Кыргызстандан катышкан басмаканалардын ичинен “Евразия элдеринин айтуучулары» аттуу китеби үчүн «Турар» басмасы “Диалог культур” номинациясы боюнча I даражадагы диплом, “Аңгемелер, КМШ өлкөлөрүнүн азыркы адабиятынын антологиясы” китеби үчүн “Улуу Тоолор” басмасы “Шериктештик” номинациясы боюнча I даражадагы диплом менен сыйланган.

Ал эми «AG 5P» басмасы Д.Ухинанын “ХХ кылымдагы сүрөтчүлөрдүн иштериндеги Кыргызстандын искусствосу: живопись, графика, скульптура, керамика” китеп каталогу үчүн «Арт-китеп» номинациясы боюнча II даражадагы дипломуна, «St.Art Ltd» басмасы А.Козубекованын “Шахмат дүйнөсү” китеби үчүн “Балдар жана өспүрүмдөр үчүн китептер” номинациясы боюнча III даражадагы дипломуна татыктуу болгон.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Москвада өткөн эл аралык “Китеп искусствосу” сынагында жеңүүчү болгон кыргыз басмаканаларынын өкүлдөрү менен жолугуп, аларга эл аралык сынакта алган сыйлыктарын тапшырып, жеңүүчүлөрдүн ишине ийгилик каалады.

Эске салсак, ХХ Эл аралык “Китеп искусствосу» сынагын 2023- жылдын аягында Россия Федерациясынын Санариптик өнүктүрүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министрлиги өткөргөн. 

Сынакка КМШга мүчө мамлекеттерден 49 басылма сунуш кылынган.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *