Жалал-Абад облусунун тургуну Бегалы Жонсаидов химия сабагынан мугалим. Бул предмет татаал болгондуктан окуучуларга түшүндүрүү бир топ кыйынчылык жаратат. Ошондуктан сабак балдарга түшүнүктүү болуусу үчүн Бегалы Жонсаидов үй шартындагы буюмдар менен түшүндүрүүнү туура көрөт. Интернет желесине тараган парктикалык сабагында ал сууга мила, пропан газын кошуп андан чыккан кошулманы колдо күйгүзүп көрүп, окуучуларга практика жүзүндө көрүп-үйрөнүүсүнө аракет жасаган. Анткени мектепте химия сабагы үчүн лабораториялык жабдыктар жок. Жоктон-бар кылган агартуучу менен Бурулай Уланбек кызы баарылашты.


-Саламатсызбы? Өзүңүз тууралуу айтсаңыз, химия мугалими болууңузга эмне түрткү болгон?
Мен, Бегалы Жонсаидов Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу, Терс айылынын тургунумун. Өзүм 2007-2012-жылдары Ош мамлекеттик унверстетинде Биофакты аяктагамын. 6 жылдан бери Жолдошбек Кожобеков атындагы №47 орто мектепте химия мугалими болуп эмгектенип келем. Негизи биология сабагына мектеп учурунда эле кызыкчумун, кийин дарыгер болуу кыялым ишке ашпай калган. Ушул адистикке жакын болгон үчүн химик-эколог мугалими болдум.


— Мектепте сабак өтүү үчүн кандай шарттар түзүлгөн?
Шарт баары жетиштүү деп айтуу кыйын. Биздин эле мектеп эмес баардык билим берүү мекемелеринде эле химия сабагынан жабдыктар (шаймандар) жетишсиз. Химия сабагы татаал илим болгондуктан миң уккандан бир көргөзүп берген жакшы жыйынтык бермек.


— Сабак учурунда кандай практикалык иштерди көргөзөсүз?
Химия сабагын өтүү татаал болгондуктан,сабакты китеп менен гана чектелсе жеткиликтүү болбойт. Бүгүнкү өткөн сабагыңды эртең сурасаң эртең кайра унутуп калышат, жөнөкөй реакцияларды да эстей алышпайт. Өткөн темаңды практика менен айкалыштырсаң канча жыл болсо да эстеринде сакталат. Бир күнү окуучуларыма сабак өтүп атсам суроо беришет, “агай химиянын эмне кереги бар?”-деп. Анан сабака жакшы кызыкпаган, шок, бирок, практикалык сабактарга активдүү катышкан окуучум бир видео көргөзүп “ушуну көргөзүп бере аласызбы”,-деп айтты. Карап көрсөм кол менен көргөзсө болот экен. Сууга миланы кошкондо көбүктүн пайда болушун билебиз, ал кошулмага пропан газды кошкондо, көбүк күйгөнгө жөндөмдүү болуп калат. Көбүк сууда болгону үчүн көз ирмемде күйөт бирок, колду күйгүзбөйт. Ошону аткарып жатканда видеого тартып алышыптыр. Аны фейзбукка жүктөп койгон болчумун. Мугалимдер өз пикирлерин айтышып жакшы кабыл алышты. Буюрса жакын арада да 3-4 видео даярдап көргөзөм деп турам. Мисалы; күкүртсүз от жагуу, таблеткадан жалын чыгаруу жана башка.


— Олимпиядалык сынактарга окуучуларыңызды кандай даярдайсыз?
Негизинен маселе чыгарууда биринчи элементтерди жаттоодон баштайбыз. Ар бирин эсте калаарлык кылып, мисалы; алтындын кымбат баалуулугу менен тыгыздыгы боюнча. Ал эми суутек жеңил, күйүп кете турган газ абалында болот деп, ар бирине басым жасайбыз. Андан кийин акырындык менен өздөштүруп отуруп 9-10-11-класс болгондо өздөрү маселе чыгарып калышат. Быйыл 8-класстагы окуучум абдан идиректүү экен, райондук деңгээлден 3-турдан өттү.


— Келечекте дагы кандай жаңы нерселерди пландап жатасыз?
Алдыда демөөрчүлөр табылып калса, өтө мыкты деңгээлде лобараториялык жабдыктар менен жабдып алсам деп турам. Мисалы, анализ чыгарганга абдан жакшы болот эле. Биздин айыл дыйкан чарбачылыгы менен алектенет, топурактын курамын анализдеп чыксам жакшы болмок. Ошондой эле бизге жакын “Таш-Көмүр” көмүр кени бар анын курамын анализдеп жана башка нерселерди изилдеп, мектептин бюджетине да чоң салым кошсо болот. Аны үчүн аналитикалык так таразалар. Вакумдук апараттар, өтө күчтүү кислоталар керек. Окуучулар деле көрүп чоогу практика кыла турган болсо, алар деле келечекте өлкөгө жетишсиз болгон инженер-технолог, химик-инженер деген кесиптерди аркаламак. Кыргызстанда келечекте лабораториялык жабдыктар абдан керек. Мисалы сырттан азык-түлүктөрдү экспорттоо-инпорттоодо техникалык лабораториялар начар. Окуучуларыбызды азыртадан бул тармакка кызыктырып, үйрөтсөк, өзүбүздөн эле мыкты кадрлар чыкмак.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *