Кыргызстанда ЭКО (ЖАСАЛМА) жол менен уруктандырууну жасаган бир дагы мамлекеттик клиника жок. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди.


Анын айтымында экстракорпоралдык ыкма менен балалуу болуш үчүн көп каражат керек болгонун, көп үй-бүлөөнүн каражаты жетпей ажырашуу көп болуп жатканын кошумчалайт. Ал балалуу болууну эңсеген үй-бүлөлөргө колдоо иретинде мамлекеттик квотаны киргизүүнү сунуштады.


Жеке клиникалар гана ЭКО жасайт. Алардын бир жолку кызматы 500 миң сом турат. Айрымдар 7-8 жолу аны жасатууга аргасыз. Акчасы тартыш үй-бүлөлөр кыйналып калып жатышат. Алардын уруктандыруунун бул ыкмасын жасатууга каражаты жок болуп, эркек күнөөлүү болсо дагы үй-бүлөдөн куулуп жатышат”, — деди ал.
Эльвира Сурабалдиева Казакстанда экстракорпоралдык жол менен уруктандырууга мамлекеттик квота бар экенин белгиледи. “Биздин аялдардын эмнеси кем? Алар дагы колдоого муктаж”, — деп кошумчалады.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *