2025-жылдын жыйынтыгы менен “Кумтөр Голд Компани” 124 млрд 216 млн сомдон ашык киреше тапты. Алтын өндүрүүнүн көлөмү жыл аягына чейин 12 тоннага жетет.
Бул кирешелер толугу менен мамлекеттик казынага түшүп, элдин кызыкчылыгына жумшалууда.Эске салсак, Кумтөрдү чет элдик компания иштеткен 29 жылда 410 тоннадан ашык алтын казылып чыккан.Ошол мезгилде Кыргызстан алган жалпы дивиденд болгону 101 млн долларды түзгөн.
Ал эми 2025-жылы эле өлкөнүн үлүштүк кирешеси 150 млн доллар, ал эми жылдык жалпы киреше 1 млрд 420 млн доллардан ашты.
