Кыргызстанда үстүбүздөгү жылы Эмгек министрлигинин көмөгү менен 25 391 жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.
Алардын ичинен:
▪️социалдык келишим программасы боюнча — 13 миң 964;
▪️коомдук акы төлөнүүчү жумуштарды уюштуруунун алкагында — 10 миң 716;
▪️жеке ассистенттик кызмат көрсөтүү боюнча — 711.
2025-жылы социалдык келишимдин суммасы 150 миң сомду түздү (мурда 100 миң болчу). Катышуучулар айыл чарба, тейлөө чөйрөсү, өндүрүш жана соода тармактарында бизнес-долбоорлорду ишке ашырышат.
