Кытайлык компания Бишкек шаарына ири завод курат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.


2023-жылдын ноябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Junxin компаниясынын башкы директору калдыктарды өрттөөнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү объекти боюнча кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашууга кол коюшкан. Бул компания инвестор катары таштандыларды өрттөөчү завод куруу каалоосун билдирген.


Учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси, ошондой эле Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү заводдун курулушунун долбоордук-сметалык документтери иштелип чыгууда.


Капсуланы үстүбүздөгү жылдын башында жаз айларында салуу пландалууда. Курулуш процесси бир жарым жылга жакын убакытты алат.


Завод тамак-аш калдыктарын, медициналык жана тиричилик таштандыларын утилдештирүү блокторунан турат. Ошондой эле таштандылар ныкталып, саны үч эсеге кыскарган кайра жүктөө базасы бар.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *