“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы 2023-жылы 1 миллион 323 миң тонна көмүр казды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Негизи өткөн жылы 750 миң тонна көмүр казылуу пландалган.

Маалымдагандай, калкты арзан көмүр менен камсыздоо багытында Бишкек шаарында 6 көмүр кампасы негизделсе, республика боюнча ири шаарларда жалпысынан 42 көмүр кампалары ачылган.

Бул көмүр кампаларынын ачылышы элге пайдалуу болду. Көмүрдүн тоннага болгон баасын 2500 сомдон 5000 сомго чейин аныктап, калкка сунушталып, учурда баа туруктуу кармалууда“, – деп айтылат маалыматта.

2024-жылдын 1-январынан тартып, коррупциялык көрүнүштөрдү ооздуктоо максатында Кара-Кечеде электрондук төлөмдөр ишке киргизилди.

Буга чейин ишканада 1 лицензия менен Кара-Кече көмүр кени гана иштеп келсе, соңку жылы кошумча чалгындоо жана көмүр кенин иштетүү үчүн 16 лицензия алынды.

Ошондой эле инвесторлор менен иш алып баруу жолго коюлуп, карьерлерде тоо-кен тармагына ылайыкталган 120 оор техника иштеп жатат. Жумушчулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Учурда көмүр тартыштыгы жок.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *