И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде IT академия ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрилиги кабарлады.


И. Раззаков Университеттин студенттери “Мобилдик иштеп чыгуу”, “Жасалма интеллект”, “буюмдар интернети” багыттары боюнча билим ала алышат жана Samsung компаниясынын методикасы боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болуп, өздөрүнүн долбоорун иштеп чыгып, өздөрү өндүргөн мобилдик тиркемелерди сынай алышат.


Samsung IT академиясы – Бул маалыматтык технологиялар тармагында адистерди даярдоо боюнча Samsung Innovation Campus демилгесинин алкагындагы социалдык билим берүү программасы.
Салтанаттуу аземге Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу катышты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Korea International Cooperation Agency жана “Samsung Electronics” компаниясынын өкүлдөрү катышышты.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *