Жогорку соттун судьялыгына Элмира Байтикова менен Медербек Сатыев шайланды. Бул тууралуу Жогрку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.


Талапкерлер тууралуу маалыматты Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди.


Анын айтымында, Президент Жогорку сотунун судьялык кызматына шайлоо үчүн Элмира Байтикова, Эркинбек Мамыров жана Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштаган.
Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Элмира Байтикова менен Медербек Сатыевди Жогорку сотунун судьялыгына шайлашты. Парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынды. Жогорку соттун шайланган судьялары парламентте ант беришти.


Судиялык кызматка ант берген Медербек Сатыев 2021-жылдын июнь айынан 2022-жылдын сентябрына чейин Президенттик аппараттын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Андан кийин 2022-жылдын сентябрынан 2023-жылдын ноябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору болгон.


Ал эми Элмира Байтикова Жогорку Сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору болуп иштеген.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *