Былтыркы жылдын башына карата Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын калкы эң жаш деп аныкталган. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын «Демография сандар менен. ЕАЭБ статистикасы» деп аталган маалымат жыйнагында айтылат.
Кыргызстандыктардын орточо курагы 28 жаш деп табылган ал эми эркектердики 27 аялдардыкы 29 болгон.
Кыргызстандан кийин 32 жаш менен Казакстан турат. Арменияда орточо курак деп 37 жаш деп табылса, Россия менен Беларуста 40 жана 41 деп аныкталган.

