Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы белгилүү болгон.
Жусупбек Коргонбай уулу №5 Ноокат бир мандаттуу округунан шайланып келген.
Ал парламенттин 14-марттагы жыйынында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар деген сөздөрдү айтып, министрдин жоопкерчилигин кароону сунуштаган.
Алымкадыр Бейшеналиев буга жооп берип, дарыгер катары бардык жарандарды дарылоого милдеттүү экенин, депутат өзүн жеке таарынычына байланыштуу сындап жатканын айтып, аны сотко берген.