default
Жалал-Абад шаарында Раатбек Санатбаев жана Манас баатыр кырк чоросу менен түшүрүлгөн дубал сүрөттөрү пайда болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 28-мартта Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков калааны көрктөндүрүүгө салым кошкон сүрөтчүлөр Асан Жузбаев менен Мирлан Жолоевди кабыл алды. Анда калаадагы көп кабаттуу үйлөргө эстетикалык көрк бергендиги үчүн ыраазычылык баракчаларын тапшырып, алдыдагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Аталган сүрөтчүлөр Спутник аймактык башкаруусундагы эки көп кабаттуу үйдүн дубалына Раатбек Санатбаевдин жана Манас баатырдын кыркы чоросу менен сүрөтүн тартышкан.

Бул демилге шаардык кеңештин депутаты Канат Турдукулов тарабынан демилгеленип, каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *