Кыргызстандын калкынын саны 7,5 миллионго чукулдады

2026-жылдын 1-февралына карата Кыргызстанда туруктуу жашаган калктын саны 7 млн 413 миң 500 адамды түздү.

Анын ичинен Бишкек шаарындагы калктын саны 1 млн 360,6 миң адамга жетти.

Ош шаарында — 485,7 миң адам жашайт.

Ош облусунда 1 млн 440,3 миң адам жашайт;

Жалал-Абад облусунда 1 млн 381,8 миң адам;

Чүй облусунда 983,7 миң;

Баткен облусунда 605,3 миң;

Ысык-Көл облусунда 554,3 миң;

Нарын облусунда 316,2 миң адам бар.

Ал эми Талас облусунда салыштырмалуу эл азыраак жашайт, 282,9 миң адам.

2026-жылы январь айында 10,9 миң төрөлүү катталган, 2,7 миң өлүм катталган. Натыйжада калктын табигый өсүүсү 8,2 миң адамга жеткен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *