Россиядагы мигранттар колдонгон тиркеме жеңилдетилет

Россияда иштеген кыргызстандыктар “Амина” тиркемесин колдонуу оор болуп жатканын айтышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди.

“Негизги көйгөй — каттоодо, ресстрге киргизүүдө жана андан чыгууда болуп жатат. Кыргызстан тарап мигранттарга кара тизмеге киргизгенге чейин эреже бузууларды оңдоого бир ай убакыт берүүнү сунуштады,” — деп айтты Маматалиев.

Россия тарап бул демилгени колдоп, талаптарды жеңилдетүү жагы каралат деп сөз берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *